Айыл чарбадагы маселелер боюнча коомдук угуулар болду

0
127

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте «Замандаш» саясий партиясы уюштурган Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ишмердүүлүгү боюнча коомдук угуу өттү. Коомдук угууга Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү катышты. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймагынан дыйкандар, фермерлер, айыл-чарба ассоциациялардын төрагалары, азык-түлүк продукцияларын экспорттоочу уюмдардын жетекчилери жана жеке ишкерлер келишти. Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин билдирүүсүнө ылайык, республика боюнча Айыл чарба продукциясынын дүң чыгарылышы 2019-жылдын январь-сентябрь айларында ушул жылдын иш жүзүндөгү баалары менен эсептегенде 167628,9 млн сом өлчөмүн түзгөн. Өсүү темпи 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 101,8 пайыз болду. Анын ичинен мал чарбасы -102,2% (74594,3 млн. сом), ал эми талаачылык 101,4% (88732,6 млн. сом) болгонун билдирди. Ошондой эле “айыл чарбасын каржылоо 6, 7” программасы менен айыл чарба тарабынан дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилип жаткандыгын айтты. Мындан сырткары мал чарбасын асылдандыруу максатында министрлик өзгөчө көңүл буруп, сандан-сапатка, өсүмдүктөрдүн үрөнүн жаңылоо максатында башка өлкөлөр менен келишим түзүп, министрлик өзүнүн дэңгээлинде жумуштарды алып барып жатканын билдирди. Быйыл 9 айдын жыйынтыгы боюнча экспорттун көлөмү 11 млрд сомду түздү. Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар 36 өлкөгө экспорттолот. Негизинен чет өлкөлөргө айыл чарба продукциялары көп сатылууда. Мисалы: быйыл 9 айдын аралыгында 52 616,0 тонна төө буурчак 30 мамлекетке экспорттолду. Муну менен катар сүт азыктары Россия менен Казакстанга сатылып жатат. Ал эми кыргыз балына дүйнөнүн көптөгөн өлкөрүнөн суроо-талап чоң. Быйыл 9 айда 300 тонна бал экспорттолду. Эт азыктары болсо Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө ташыла баштады, деп жыйынтыктады. «Замандаш» саясий партиясынын лидери Ж.Молдокматов: “Министрлик бирдиктүү саясат жүргүзө турган структура болушу керек. Ар бир министрликтин ишин экономикага тийгизген таасири жана ИДПга берген үлүшүнөн карап эле бааласа болот. Айыл чарба тармагындагы маселелер мамлекеттик деңгээлде каралышы керек. Өнүккөн өлкөлөрдүн тажырыйбасын колдонуу менен айыл чарбасын көтөрүүү министрликтин негизги милдети” — деди ал. Мындан сырткары айыл чарба министрлиги чоң тармак, азык-түлүк коопсуздугу боюнча жетишкендиктери менен катар, кемчиликтери дагы бар экенин айтып өттү. Коомдук угуунун катышуучулары төмөндөгүдөй ой пикирлерин билдиришти: 1. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигин күчтөндүрүп, вице-премьер министрликтин деңгээлине чейин көтөрүү. 2. Айыл чарба адистердин билим деңгээлине көңүл буруп, айлык акыларын көтөрүү, 3. Айыл чарбасынан ветеринардык инспекцияны, суу чарбасын, жер маселеси боюнча түзүмдөрдү бөлүп жарбай министрликтин алдына бириктирүү. 4. Жүндү кайра иштетүүчү заводдорду куруу, уяң жүндүү жана эт багытында койлорду көбөйтүү. 5. Логистикалык борборлордун санын көбөйтүү, заманбап айыл чарба техникаларын сатып алуу. 6. Кыргыз – Орус өнүктүрүү фондун министрликтин алдына бекитүү, ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруу. 7. Талаачылык жана айыл чарба продукцияларды экспорттоо боюнча айыл аймактардагы дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. 8. Айыл чарба министрлигин көтөрүү үчүн көбүрөөк рычагтар берилиши зарылдыгын билдиришипп, айыл чарбасын саясатташтырбоону суранышты. Коомдук угуунун жыйынтыгында суроо-жооптор менен жыйынтыкталды. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here