Ак-Талаа, Тогуз-Торого барчу жолдор оңдолуп түзөтүлөт.

0
174

Нарын облусундагы Он-Арча – Жаңы-Талап – Ашырма жолдорун оңдоо иштери башталды. Ак-Талаа, Тогуз-Торо райондоруна алып барган бул жолдун абалы начар экендиги, эгемендикке жеткенден бери бир да жолу оңдолбогондугу тууралуу маселе Жогорку Кеңештин жыйынында бир нече жолу көтөрүлгөн. Жолдун узундугу 35 чакырымды түзүп, ремонт иштерине 7 млн 100 миң АКШ доллары бөлүнгөн. Бул тууралуу, Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Акматовдун нарындыктар менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Чогулгандар, Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоо долбоорунан үнөмдөлгөн каражаттын максатуу бөлүнүшүнө, депутаттын эмгеги зор экендигин айтышып, ыраазычылык билдиришти.

Жергиликтүү эл менен пикир алышууда, мындан тышкары Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Кызыл-Жылдыз айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн, “капиталдык салымдар” беренеси аркылуу 9 млн 201 миң сом бөлүнүп, аталган айылда резервуар, тарнсформациялык подстанция курулгандыгы айтылды. Ушул эле айылдагы М. Иманалиев атындагы 250 орундуу типтүү мектеп «Капиталдык салымдар» беренесине киргизилип, 4 000 000 сом бөлүнүп, курулушу башталып жатат. Кышка карата, бир катар билим берүү мекемелеринин жылытуу системасына 6 млн-го жакын каражат бөлүнгөн. Чет-Нура айыл өкмөтүндөгү Төш-Булак айылындагы насостук станция  курууга 26 000 000 сом каралып, азыркы убакта 10 000 000 сом бөлүнүп, курулушу башталды.

Өз кезегинде, Алмаз Акматов эл менен тыгыз иштешүүсүн улантаарын айтып, бир дагы кат көз жаздымда калбагандыгын билдирип, аксакалдардын батасын алды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here