Ак калпак формасындагы стелла орнотулду

0
335

Кемин районунда ак калпак формасында стелла орнотулду

Кемин районунун Чоң-Кемин айыл аймагынын Тар-Суу айылында бүгүн көңүл кубанаарлык иш-чаралар болду.
Биринчиден, Тар-Суу айылынын кире беришине кыргыздын улуттук баш кийими ак калпак формасындагы стелланын орнотулуп ачылышы болсо, экинчиден, Тар-Суу орто мектебинин капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктап, мектеп керектүү эмеректер менен толукталды. Мектепти капиталдык оңдоп-түзөөгө Кемин өнүктүрүү фондунан 6млн.300миң акча каражаты бөлүнүп берилди. Ал эми айылдын кире беришиндеги оригиналдуу стелланы орнотуу, ошондой мектепке эмеректерди, компьютерлерди Кемин районунун кулуну, учурда MegaCom компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов тартуулап, жердештерин кубантты.
Келечектен көптү үмүттөндүргөн Акылбек Жекшенович убагында ЖКнын эң жаш депутаттарынын бири болуп, элге керектүү мыкты мыйзам долбоорлорун сунуштап, ар дайым парламенттин трибунасында калыстыктан тайбай, курч сөздөрү менен коррупциялашкан иштерди таамай көзөп көрсөтүп турган эл өкүлдөрүнөн болгон. Учурда MegaCom компаниясын жетектеп, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошууда.
Кемин райондук мамлекеттик администрациясы #АкылбекЖамангуловго терең ыраазычылык билдирүү менен, бардык жакшылыктарды каалайт,- деп жазылат, аталган райондун ФЕЙСБУКтагы расмий баракчасында.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here