Айрым жетекчилердин шалаакылыгынын айынан эл кыйналып жатат

0
116

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №377-токтомуна ылайык Нарын районунун деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте турган айыл аймактарынын жашоочуларына 1,5 райондук коэффицент, башкача айтканда бийик тоолуу аймак катары эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөргө 50% кошумча акы кошулат.

Бирок, эмнегедир, Нарын районунун Өрнөк, Төш-Булак айылдары бул тизмеге кирбей калган. Мамлекеттик картографиянын берген маалыматы боюнча аты аталган айылдар деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте турат.

Райондук коэффицентти белгилөөдө эмне себептен мындай айырмачылыктар болгон? Бул маселе 2006-жылдан бери көтөрүлүп чечилбей келе жатыптыр. Бардык министерстволорго кайрылып, бирок алгылыктуу жооп ала алышкан эмес. Жетекчилердин шалакылыгынан эл кыйналып жатат,- деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов. Эл өкүлүнүн пикиринде, кошуна айылдарда мындай калыссыздыктын болуусу акылга сыйбаган көрүнүш. Элдин, 14 жылдан бери, ак үй, көк үйдү, мыйзамдуу укугун талап кылып сагалап жүрүшү туура эмес. Андыктан, өкмөт маселени тез арада карап чечүүсү керек.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here