БӨБӨКТӨР, БАЛДАР БУЛ — КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИ (видео)

0
263

Нарын районунун Төш Булак айылынын окуучулары, жети чакырым жөө, коңшу Ийри Суу айылана каттап билим алууга мажбур болуп келишкен. Анткени өз айылындагы мектеп 4 жылдык гана. Быйылкы, «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылынын алкагында, Жогорку Кеңештин депутаты Алмаз Акматов Төш Булактыктарга унаа тартуулап, балдардын кыялын орундатты.

Жаңы берилген унаа Чет-Нура айыл өкмөттунүн карамагына өткөрүлдү. Айдоочунун айлык маянасын, аймактык билим берүү башкармалыгы чечип берсе, күйүүчү май, айыл өкмөтү жана ата энелер менен биргеликте камсыздандырылат.

jebe.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here