Жүргүнчүлөрдү текшерүүгө алуу үчүн блок посттор койулууда

0
923

Кемин районунун кире беришине, коронавируска каршы күрөшүү блок посту койулду. Анда атайын, жабдыкчан жана кийимчен дарыгерлер, Ысык-Көл, Нарын областтынан келе жаткан ар бир жүргунчүнү текшерүүгө алышат. Текшерүү кызматкерлери, кезек кезеги менен иштешет. Кийинки блок пост Токмок шаарына кире бериште койулган. Текшерүү жана коопсуздукту коргоо пунктары, өкмөттүн Чүй областындагы атайын ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиевдин демилгеси менен ачылып, губернатордун жана Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысы, аким Нурлан Шаршеналиевдин жеке көзөмөлундө иштейт. Кемин райондук мамлекеттик администрациясы, Нарын жана Ысык-Көл районунун тургундарын, тартипти сактап, зарыл болбосо Бишкекке жана Чүй областына каттоосун чектеп турууну суранат!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here