Ноокаттагы аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жардам жеткирилди – (ВИДЕО)

0
144

Кыргызстанда коронавирус биринчи болуп катталган Ноокат районундагы аймактарга Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду тарабынан азык-түлүк жеткирилди. Жардамдын түрлөрү алгач аз камсыз болгон, социалдык колдоого муктаж адамдарга таратылды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин депутаты Искендер Матраимов Фейсбуктагы баракчасына маалымдады.

“Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду вирустун илдеттери жайылган аймактарга жардам жүктөрдү таратууну улантып жатат.

Ноокат районунадагы өзгөчө кырдаал жарыяланган аймактагы, аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө жардам жеткирилди. Азык-түлүктөрдү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү таратып беришти, алар:

25 тонна ун, 1,5 тонна өсүмдүк майы жана 10 000 бет кап.

Мындан тышкары Сузак району, Ош шаарына дагы жардам көрсөтүлдү. Учурда Нарын облусуна бөлүнгөн азык-түлүктөрдү жөнөтүү алдында турабыз. Жардамдын көлөмү жана кандай критерийлер менен берилгени жөнүндө маалымдап турабыз”-дейт ал.

Белгилей кетсек, аталган фонд азык түлүктөн тышкары, Саламаттыкты сактоо министрлигине жасалма дем алдыруучу жана 15 минуттун ичинде илдетти аныктай турган медициналык жабдыктар менен камсыздоосу күтүлүп жатат. Фонддун өкүлдөрүнүн айтымында тийешелүү жабдыктар алынып, учурда Кыргызстанга келе жатканы белгилүү болду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here