Кыргызстандык Нуркыз Эшенова учурда COVID-19 илдетинин эпицентринде, Нью-Йорк шаарынын бейтапканаларынын биринде иш алып барат. Учурда Нью-Йорк шаарында абал оор, бейтапканаларда вирус жугузгандардын саны күндөн күнгө өсүүдө. Көз жумгандардын саны да арбын,- дейт Нуркыз.
Мекендешибиз, Нуркыз кырдаалга байланыштуу күнүгө таңкы 5тен, түнкү 23 кө чейин иштөөгө аргасыз. Биздин мекендешибиз кыргызстандыктарды Нью-Йорк шаарынын тургундарынын катасын кайталабай, үйдөн чыкпай, тазалыкты сактап, медицина кызматкерлеринин айтканын кулака түйүп турууну суранат. Ошондой эле, кесиптештерине ыраазычылык билдирет. Ал биздин редакцияга кыргыз элине болгон кайрылуусун жөнөткөн.