Өлкө ичинде саламаттык сактоо тармагына күч келсе, өлкөнүн сыртында дипломаттарга эле күч келүүдө.

 Тышкы иштер министрлигинин кызматкери  Айымкан Кулукеева facebook баракчасына төмөнкү постту жазып чыгарган. Дүйнөнүн булуӊ-бурчуна тарап кеткен элим, элимен айланайын, коронавирустун айынан марттан бери, ызы-чуу аралаш, оптомунан өлкөгө кайтып жатышат. Дегеле ушул күнгө чейин өлкөгө кайтуучулардын аягы суюла элек. Өлкө ичинде саламаттык сактоо тармагына күч келсе, өлкөнүн сыртында дипломаттарга эле күч келүүдө. Негизги дипломаттык жумуштан да, элди Кыргызстанга кайтаруу (айла жок) дипломаттардын башкы жумушуна айланды. Күнү-түнү жарандардын арыз-муӊдарын укмай, маселесин чечмей, ыйласа ыйын аарчып, каргаса каргышын угуп, дипломаттар марттан бери тына элекпиз. Эми коркконум, бир-эки ай эс алып, көлгө түшүп, кымыз менен этке тойгондон кийин, анан акча түгөнгөндө, августун аягына барып, «силер багасыӊарбы?», «акча түгөндү», «иш жок», «окуу башталды» деген лозунгдар менен кайра жеткиргиле деген баягы ыр-жомок башталабы деп турам…
Алдын-ала айтып коеюн, кээ бир жарандар, фейктер мени талап жемей жок, өлкөбүз ансыз да кыйналып турганда, сырттан коронавирус ташып келгендер жок эмес, факт толтура, өзүӊөр күбө болуп жатасыздар. Эми жок дегенде, жергиликтүү бийликтин айткандарын угуп, чыкпа десе чыкпай, айылчылабай, маска кийип, өзүбүзгө да, башкаларга да жардам берсек жакшы болот эле да?! Коронавирус жок эмес, ал балакет күндөн-күнгө күчөп жатат. Дүйнөдө бул ооруну жугузгандардын саны 10 миллиондон ашты, өлгөндөрү жүз миӊдеп саналып жатат. Бай болгур элим! Ансыз да аз элбиз, бейбаш элбиз. Кой дегенди укпайбыз, кий дегенди кийбейбиз, тартипти сактап, эки –жакка чыкпай, уйдө болуп турсак, оору кыйгап өтүп кетсе жакшы болот эле да…

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here