«Тамчыдан көл куралат»

0
186

Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга. Келиңиздер, баарыбыз билек түрө аймактарга колубуздан келген жардамыбызды берели! Же Бишкекте, Россияда, Италияда, Америкада, Японияда жүрсөк дагы жүрөгүбуз Мекеним -Кеминим деп согуп турганы, Россиянын суугунда, Бишкектин ысыгында Кеминибиздин тооолору, жапжашыл ыран жайлоосу көздөн учуп сагынып жаш алганыбыз жалганбы? Келгиле бүгүн мекенибиз ооруп, элибиздин башын кара булут каптап турганда, кайдыгер сырттан сынап карап турбай, каражат чогултуп ооруканаларга керектүү жабдыктарды алганга жардам берели! Кудай буюрса, бириксек бул илдетти ынтымак менен женебиз! Башыбызга келген сыноону татыктуу көтөрүп, менин колумда бар же жок деп отурбастан 100 сом, 1000 сом, 1 000 000 сом болсо дагы жакындарыбыздын омүрү учун акчабызды аябайлы… «Тамчыдан көл куралат» деген сөз бар, андыктан Сиздердин ар бириңиздердин адам өмүрүн сактоого кошкон салымыңыздар маанилүү экенинин эстен чыгарбайлы! ЭЛСОМ номерибиз 0707 82 76 82

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here