Өз акчасына жана байланыштарына ишенип ур токмокко алып өлүм чегине жеткиргендер

Facebook социалдык тармагынын колодуучусу Нургуль Ырысбаева президенттин милдетин аткаруучусу Садыр Жапаров жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.  Озунун постунда Нургуль Ырысбаева аларды коррупцияга жол бербей, ар бир ишти адилеттуу карап куноолуулорду таап мыйзам чегинде жоопко тартуусун өтүнгөн. Төмөндө Нургуль Ырысбаеванын кайрылуусу келтирилди.

«Урматтуу калайык калк, жергиликтүү бийлик Эгемендүү мамлекетибизде өз акчасына жана байланыштарына ишенип ур токмокко алып өлүм чегине жеткиргендер көбөйүүдө.

Сөз башынан болсун. Өзгөн районуна караштуу Шоро-Башат айылында 5-октябрь күнү түнкү саат 12лер чамасында иним Иметалиев Нурсултан Иметалиевичти чалып өзүн кел деп чакырышкан. Чакырган балдар Шоро-Башат айылчынын тургундары Абдуллаев Кутмидин Нажимидинович (1988г.р.), Бабатаев Расул Маданович (1989г.р.), Кочоров Данияр Авазович (1994г.р.) ошондой эле Мырза-Аке айылынын тургуну Доолотбек Ормонов (1984г.р.) болгон. Бизге маалым болгондой Марза-Аке айылынын атуулу Доку каймана аты менен таанымал болгон криминал дүйнөсүндө жүргөндөрдүн бири.
Иним жаманды ойлобой чалган балага жалгыз барып сүйлөшөм деген. Жолдон 2 жолдош досторуна жолугуп алар шашлык жеп келүүнү сунуштайт. Иним чакырган балдарга жолугуп өтөм деген ойдо 2 досун алып алат. Алар машинанын артында болушат. Досторун машинадан түшпөөсун суранат. Иним машинадан түшөөру менен  тапанчанын арты менен башка коюп жиберет. Ал башын кармаганда жапырт ур токмокко алышат. Эки баланын колунда тапанча (пистолет) ал эми берки балдардын колунда элекрошокер жана бита ( бейсболдун таягы) болот. Машинанын артындагы дос баласы Жапаров Нурали түшө калып алда алардын таягын жеп бети башы жарылганда күчү жетпесине ынанып, качып Нурсултандын тагасына жардамга чакырууга кетет. Ал эми экинчи досу Камчыбек у. Алимбек машинадан түшүп өз жанын ойлоп, көздөн кайым болгон.
Бул балдар инимди уруп гана тим болбостон өлтүрүү аракетин кылышкан. Досу Нурали тагасы Арстанбекти чакырып келген убакта балдар качып кетишет.
Азыркы убакка чейин акылыбызга сыйбай келет. Айыл жериндеги балдарда кайдан тапанча??? Бул балдарды даярдап жана дайындап, заказ кылып колдоруна курал карматкандар башкалар!!..
Кырсык болуудан 15 кун мурда Ашим у. Сүймөнкул (1994г.р.) аттуу жигит инимдин досторуна » Нурсултанды чаап же атып кетет братандар» -деп айткан кебин ырасташууда. Ал братандары азыркы тапта акчалуу, байланыштарына ишенген Мамбетов Бакыт жана Насипов Алым. Шамал болбосо теректин учу кыймылдабайт демекчи, айыл эли мунун баары ушул экөөнүн гана заказы деген тыянакта.
Бирок далилдөөлөр жок. Братандар атына ээ болгон Бакыт менен Алым мойнуна албай танууга болгон аракеттерин жумшап жатышат. Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат деген сөз бекеринен айтылган эместир…
Урган үч бала Насипов Алымдын өкүл уулдары. Ал эми Алымдын өкүл атасы Мамбетов Бакыт.
Бакыттын өкүл атасы Жогорку Кеңештин депутаты Ормонов Улугбек Зулпукарович. Бул заказ кылган балдар өз акчаларына жана байланыштарына ишенип жаткан чыгаар.
Инимди чаап же атып кетчүү Бакыт менен Алымдын инициативасы экенинда далилдеп берүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Урматтуу премьер-министр жана и.о. Садыр Нургожоевич, УКМК начальниги Камчыбек Кадыршаевич сиздерден өтүнүч коррупцияга жол бербей, ар ким өз өкүл атасына жамынбай адилеттүү карап күнөлүүлөрдү таап мыйзам чегинде жоопко тартышыныздарды өтүнөбүз.
Айыптуу балдардын үчөө Казакстандын чек арасынан кармалып , Ош шаарынын номер 25чи убактылуу кармоочу жайында отурушат. Калган эркиндикте жүргөн жана заказ кылган балдарды да кармап тергөө системасы тездетип бериниздер. Тергөө Озгон РОВДда каралып жатат. Бирок эч кандай жылыш жок.
Инимдин абалын төмөнкү сүрөттөрдөн жана видеодон көрө аласыздар .
 
Баштан оор травма алган. 3 жеринде гематома, жаактары, тиштери талкаланган, эриндери жыртылган жана оң колунун манжалары сындырылган.
2020-жылдын 7- октябрьда ОМОКБ Нейрохирургия бөлүмүндө операция жасалды. Бүгүнкү күндө абалы оор бойдон калууда.
Күнөлүүлөрдүн татыктуу жаза алышына, баардыгы мыйзам чегинде каралуусуна салымыңыздарды кошуп көзөмөлдөп берүүңүздөрдү суранабыз…»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here