Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Эл аралык Түрк академиясынын президенти, академик Дархан Кыдырали Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.
Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынан билдиришти.
“Кыргыз мамлекетинин эгемендигинин 30 жыл аралыгында кыргыз калкы бир дагы саясий лидерди Сизди колдогончолук колдогон эмес. Демек, Сиздин aртынызда тарыхтын улуу жолунда такшалган калың калкыңыз, алардын чексиз ишеними, үмүт-тилектери, ошондой эле ыйык Ата-Журтуңуз турат. Женишиңиз кут болсун! Президенттик жолуңуз дангыр, байсалдуу болушун тилейбиз! Кыргыз Мамлекетинин Кызыл Туусу Кыргызстанда жана Турк мамлекеттеринин aрасында эркиндик, эгемендик, кубатуулук, бир туугандыктарыбыздын ыйык симболу катары дайыма желберей берсин», — деп белгиленет Дархан Кыдыралинин куттуктоо телеграммасында.

КР Президентинин кызматына талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын пресс-кызматы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here