Адам адамды көрүп шыктанат

19 мая 2017,10:30

Ар шармемби сайын "Нур" Академиясы тарабынан бекер мастер-класстар уюштурулуп келет. Аталган иш-чарага Академиянын окуучулары, илимге дилгир шаардын тургундары, студенттер, жаштар катышат.

Анда Кыргызстандагы ийгиликке жетишкен, белгилүү инсандар өзүлөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, пикир алмашып, мыкты суроолорго китеп белек кылышат.

Мастер-класстын активдүү катышуучусу, "Нур" академиясынын бүтүрүүчүсү, Кыргыз-Түрк Манас Университетинин 2-курсунун студенти Айчолпон Итемирова:
Мен мастер-класстардан көп пайда алам. Анда Кыргызстандагы башы көрүнгөн таанымал, мамлекетке салымын кошуп келген инсандар келип, өзүлөрүнүн көп жылдык тажрыйбалары менен бөлүшүшөт. Мындай мүмкүнчүлүк дайым эле түзүлө бербейт. Ошол алган билимибиздин жок дегенде 5 пайызын аткарсак чоң ийгиликке жеткен болобуз. Адам негизи угуп, окуп анан көбүнчөсү адамдын ийгилигин көрүп таасир алат эмеспи. Сөз адамды оңдойт деген сыңары. Азыркы учурда жаштар эмне менен алек болоорун билбей, убактысын кантип колдонууну, кайда барып урунаарын билбей турганда ушундай мастер-класстар максат коюууга, алдыга умтулууга өбөлгө түзөт. Мага баарынан жакканы, келген коноктордун 90 пайызы, китеп окууга чакырат. Себеби китеп окуган адамдын аң сезими тазаланып ийгиликке жетүүгө мүмкүндүк түзөт,
— дейт.

Асель БАХМАТОВА.

Комментарии

Актуальное

Дата начала Орозо
19 мая 13:00
Вице-премьер-министр страны посетил Джалал-Абадскую область после оползня
24 мая 13:30

Загрузить еще новости