Тоң районунун жолдору

13 апреля 2017,16:00

Ыссыккөл облусундагы Тоң районун жолдору көбүнесе асфальт болбогондуктан, машина жүрө берип топурак тапталып шифер өңүттө болуп калат. Ай сайын жол тейлөө адистери киллометрлеп сүрдүрүп турушат. Бирок, кайра эле мурунку акыбалын кийип, көптөгөн автоунаарды жарактан чыгарат.

Кажы-Сай номер 33-жол тейлөө ишканасынын жетектөөчү адиси Элмир Саткынбеков:

Азыркы тапта үстүнкү өрөөндү сүрдүртүп жатам. Негизи жолдор, бир айда бир сүрүлүп турат. Бул жолу жалпы 67 км 4түгөй грейдер 10 100сом бир пары жана дизелдик отун 2тонна 35тен болсо ошондо 70мин сом сарыпталат,

— дейт.

Буга чейин автомашиналарын оңдотуудан тажаган Тогуз-Булак, Көк-Сай, Көлтөр айылдарынын тургундары уюшуп өз чөнтөктөрүнөн киши башына 500сомдон чогултуп Кескенбелден Көк Темирге дейре жол салышкан. Акыбал алда канча жакшырып калган. Бирок чогулткан каражат жолдун жарымына эле жеткен.

Асель БАХМАТОВА. 
Автордун сүрөтү.

Комментарии

Актуальное

Как велогонщик пользуется знаниями физики
11 апр 13:00
Авария по дороге в Кант
13 апр 12:00

Загрузить еще новости