Home Blog

Талас районунда ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен шамал катталды (фото)

Талас районунда 2018-жылдын 23-май күнү саат 16:00-17-00гө чейин ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен шамал катталып, шамалдын кесепетинен Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылында 1 үйдүн 25 даана шиферин, Долоно айыл аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 13 даана шиферин, 7 турак үйдүн 184 даана шиферин жана айыл өкмөттүн имаратынын 65 даана шиферин учурган.

Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Талас райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы барып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерине ылайык, шамалдын ылдамдыгы тоолуу райондордо секундасына 35 метрден ашса, ал эми өрөөндөрдө секундасына 25 метрге жетсе жана анданжогору катталган учурда өзгөчө кырдаал катары эсептелинет.

Президент С.Жээнбеков парламенттик көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-апрелде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги көпчүлүк коалициясына кирген
фракциялардын лидерлери – КСДП фракциясынан Иса Өмүркулов, “Кыргызстан”
фракциясынан Алмазбек Баатырбеков жана “Бир Бол” фракциясынан Алтынбек
Сулайманов менен жолугушту.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Президенттин
Аппаратынын Жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев катышты.

Көпчүлүк коалициясынын  лидери Иса Өмүркулов Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында
парламенттин 1/3 түзгөн үч фракциянын депутаттарынын өлкөнүн  Өкмөтүнө
ишеним көрсөтпөө сунушун колдогонун билдирди.

“Парламент мындай чечимди өлкөнүн кызыкчылыгында кабыл алды. Көпчүлүк
коалициясы ошол эле курамда калат”, – деп белгиледи Иса Өмүркулов.

Ошону менен бирге ал коалициянын курамына “Республика – Ата Журт”
фракциясынын кириши күтүлүп жатканын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги көпчүлүк коалициясынын туруктуу
иштеши мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн  камсыз кылаарын белгилеп, парламентке
бийликтин аткаруу бутагы менен жемиштүү иштешин каалады.

Токтогулда дайынсыз болгон 21 жаштагы Чоң-Арык айылынын тургуну изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда алдын ала алынган маалымат боюнча, 2018-жылдын 11-апрелинде Кетмен-Төбө айыл аймагындагы Чоң-Арык айылынын тургуну 1997-жылы туулган Табылды уулу А. үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, 2018-жылдын 18-апрель күнү туугандарынын кайрылуусунун негизинде, издөө иштерине КР ӨКМден 11 куткаруучу, РИИБден 25 кызматкер, суу чарба башкармалыгынан 10 кызматкер, РЭТ мекемесинен 6 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 70 адам, жалпы 122 адам тартылды.

Аскар Шадиевдин отставкасы социалдык түйүндөрдө талкуу жаратты

Фейсбук социалдык тармагына КРнын Биринчи вице-премьери Аскар Шадиевдин кызматынан оз арызы менен кеткени тууралуу журналист Сайрагул Дуулатова оз баракчасына томонкудой пикир жазган.

«Аскарбек Шадиев кызматтан кетуунун маданияттуу улгусун корсотуп келет»

Аскарбек Шадиев менен коп жылдан бери иштешип, тилектеш, пикирлеш болуп келе жаткан адам катары бир, эки ооз кеп айтууну туура кордум. Кечээ куну Аскарбек Шадиев ээлеп турган кызматынан оз арызы менен кетууго арыз бергени айтылды. Себеби баарыбызга белгилуу Жогорку Кенештеги Арсен Закиров уурдады деп шектелип жаткан 30 000 доллар чуусуна байланыштуу. Аскарбек Шадиев саясый чойрого бизнестен келгени, олкобуздогу бай адамдардын катарын толуктары ЖМКларда айтылып эле журот. Ал киши озу да бул маалыматты тогундобойт. Буга чейин энергетика министри болуп турганда дагы Казакстандан келген уулуу комур тууралуу иш козголгондо, тергоо иштери буткончо ээлеген кызмат ордунан убактылуу, оз арызы менен кеткен. Натыйжада ал иш Жогорку сотко чейин жетип, А.Шадиевдин куноосу далилденген эмес. Бул жолу да Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыкка жасалган ушундай мамиледен улам, кызматын оз арызы менен тапшырып, кызматтан кетуунун маданияттуу жолун корсотуп жатат. Тергоо амалдары журуп жатат. Ак ийилет, бирок, сынбайт эмеспи. Аскарбек Шадиевдин ар кандай кызматтан абийирди жогору койгонуна тарых, убакыт оз баасын берет.

Аталган пикирге коомчулук тарабынан коптогон комментарийлер жазылып жатат. Атап айтсак, соцтармактын активдуу колдонуучулары томонкудой пикирдерди жазышкан.

Канышай Мамыркулова, журналист: «Канат Исаевдин агасы Талант Исаев отставкага кеткен. Кечээ 1-вице-премьер Аскар Шадиев 30 миллиондун кызматтан кетти.Буга чейин “Азия Ньюс” гезити дагы “Башка олколордо мындай учурда отставкага кетет” деп жазып чыккан эле. Мен билгенден тергоого тоскоолдук келтирбоо жаатында кызматын оз каалоосу менен тапшырган ушул эки адам бар экен. Балким мен билбеген мисалдар бардыр. Бирок, ушуга чыгынуунун озу белгилоого арзыйт. Канчасы беттерин табактай кылып, талпайып отурат».

Шагзада Абсаматова «Улгу алгыла, жемкорлор» Мен бул кишини тааныбасам да азыркы кадамы туура деп колдоймун» деп жазды.

Baatyrbek Zhuman Накта жигиттикти далилдеп көрсөттү. Көп инсанга үлгү болчудай…

Назгул Насиева Үлгү алышса болмок Шадиев менен Исаевден!

Иноват Ниматова Бул жигит Жогорку Кенештин 4 жолку чакырылышынын депутаты, Коомдук ишмер Исхак Раззаковдун соогун Кыргызстанга алып келууго туздон-туз салым кошкон жана ал кишини идеал тутуп кыргыз элине ак дилден кызмат кылып келген, карапайым уй-булодон чыккан чыгаан кыргыз жигиттеиринин бири. Аскарбек Алимбаевич сизди Аллах колдосун

Президент С.Жээнбеков Россиянын президенти В.Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 19-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу
сүйлөштү. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Россия Федерациясынын президенти
кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, жогорку мамлекеттик кызматта
ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары аңгемелешүүнүн жүрүшүндө ЕАЭБ алкагында кызматташуу жана
ошондой эле Россия Федерациясында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык
кеңештин жыйынын талкуулашты.

Ош облусунда жайгашкан Кара-Суу районунун борбордук базары өрт коопсуздук талаптарына таптакыр жооп бербейт

Ош облусунда жайгашкан Кара-Суу районунун борбордук базары өрт коопсуздук талаптарына таптакыр  жооп бербейт.

Тагыраак айтканда, Мамэкотехинспециянын Кара-Суу райондук башкармалыгы жана  Өкмнин  райондук өрткө каршы кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн машыгууда, өрт өчүрүүчү унаа кире албай, белгиленген өрттү такыр өчүрө алган эмес.  Баш аламан жайылган товарлар, ирээтсиз орнотулган курулуштар жана  соода жайлары Кара-Суу базарынын борбордук көчөлөрүн  тарытып, атайын унаанын кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берген жок. Натыйжада белгиленген өрт өз маалында өчүрүлбөгөңдүктөн,  аталган базар коопсуздук талаптарына такыр жооп бербестигинен кабар берди.

Мамэкотехинспекциянын адистеринин айтымында, Кара-Суу базарында буга чейин текшерүү жүргүзүлүп, өрт коопсуздук талаптарына базардын  даяр эместиги боюнча корутунду берилген. Маселен Кара-Суу базарынын аймагында өрткө  каршы суу көлмөлөр орнотулган эмес, кырсык учурунда белиг берүүчү  каражаттары жок, чатырлары өрткө туруштук бербейт, электр чубалгылары, жарык берүүчү лампалар, розеткалар өрт коопсуздук эрежерелин одоно бузуу менен орнотулган жана өрт учурунда кирип чыгуу белгилеринин жоктугу аныкталган.

Инспекторлор тарабынан аныкталган кемчиликтерди тезинен жоюу боюнча эскертүүлөр берилип, буга ейин административдик чаралар көрүлгөн.  Бирок өрткө каршы берилген көрсөтмөлөр ушул күнгө чейин аткарылбай келет.  Буга байланштуу  материалдар чогултулуп, базар ээлерине  катуу чара көрүү үчүн  прокуратура органдарына  өткөрүлгөн. Учурда укук коргоо органдары менен биргеликте базарды ирээтке келтирүү иштери жүрүп жатканын адистер кошумчалайт.

Мамэкотехинспекциянын басма-сөз кызматы

Кочкордо автоунаа жөө жүргүнчүнү сүздү, ал ошол жерден жан берди

Кочкор районунда 2018-жылдын 15-апрелинде саат 19:57 чамасында Кочкор-Кум-Дөбө ички чарбалык унаа жолунун 15-чакырымында (Ак-Жар айылы) “Ауди-100 С4” үлгүсүндөгү  мамлекеттик №В77-91V жеңил унаанын айдоочусу жолдо бараткан жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан кийин бакты сүзүп жаракат алган.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү жеринде каза болгон (1974-жылы туулган Б.Э. эркек киши). Ал эми айдоочуну (1960-ж.т. К.С. эркек киши) медициналык тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.  КР ӨКМнин №42-өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгон жөө жүргүнчүнүн жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Сулайман-Тоого кафе салган «олигархтар», мамлекеттин жерин кайтарышабы?

Сулайман-Тоонун аймагында 500 дөн ашык кыймылсыз мүлк болсо, алардын 63ү мыйзамсыз  салынып, айрымдары мыйзамсыз менчике өтүп кеткен.  Көпчүлүгүн, ушуга чейин сот аркылуу музей администрациясы кайтаруу аракетин көрүп бирок, колдорунда кызыл китеби же өкмөттүн токтому болбогондуктан сотто жеңилип калып жаткан.

Өкмөттүн токтому чыгып, эми кайрадан жумушчу топ түзүлүп мыйзамсыз объектилерди кайтаруу боюнча иш план түзүлмөкчү.  Сулайман-Тоого таандык аймакта ижарада турган кафе жана башка бизнес объектилери бар. Бул аймака имарат курганда мыйзамга ылайык   7 метрден бийик салынбашы керек. Бүгүнкү күндө 2 кабат заңгыраган кафелер салынып, Сулайман-Тоонун понарамасын тосуп калышкан. Бүгүн ошол объектилерге эскертүүлөр берилип, экинчи кабаттары бузулуусу керек деген талаптар коюлду.

“Аль-Маида кафеси, Үч-Тал кафеси, алардын жанындагы самсаканалар экинчи этажын мыйзамсыз куруп алышып, Сулайман-Тоонун понарамасын тосуп турат. Булардын экинчи кабаты сүдүрүлүшү керек”, деди Кыргыз Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик экотехинспекциясынын жерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Айнур Кенжебаева.

Бул кафелер Ошто элдер эң көп тамактанчу жайлар экенин көпчүлүк жакшы билет. Алар кимге таандык экенин дагы жакшы билишет. Мисалга Аль-Маида ИИМдин орун басары генерал Сүйүн Өмүрзаковго таандык, эми музей жамаатынын генералга алы жетеби? Же, кафесиз деле байлыгы жетиштүү генерал өз эрки менен эле соттошпой-поттошпой эле кафени мыйзамдуу калыбына келтирип коебу? Ким билсин?!

“Ордо” кафеси болсо Ош шаардык ИИБнын мурдагы башчысы Мырзаматовдун бир туугандарына таандык, анын үстүнө бир иниси Ош шаарынын вице-мэри болуп турганда кафесин сүрдүртмөк түгүл жанына адам жолотпой койгонун Оштун эли жакшы билет. Эми эле берип коер бекен?!

Сүрдүрүлгөн чайхана Айдар-Ата болсо, олигарх Жалил Атамбаевге таандык болгон, ал дагы соттошуп чыкпай жатып мамлекеттин жерин ошол мезгилдеги премьер-министр Темир Сариевдин кийлигишүүсү менен араң кайтарган болчу.

“Ушуга чейин колубузда документ болбогон үчүн мыйзамдуу талаптарды коюуу кыйын болуп келген. Эми жакшы жыйынтыктарга жетебиз деп ойлойм”,-деди музейдин дирекорунун орун басары Хайрулло Кудайбердиев.

Сулайман-Тоонун тарыхый-археологиялык музей-комплексине таандык аянт аныкталып өкмөттүн токтому менен бекитилди.   1982 жылы музей комплекси курулганда Сулайман-Тоого таандык 134 гектар жер берилген. Анын 55 гектарын тоо өзү ээлеп турса, калган 79 гектары тоонун тегерегиндеги корукталган аймак болгон.

Жалал-Абад шаарында “Береке” базарында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү

Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында жана “Береке” базарында “Калктын массалык чогулган жайдагы өрт кырсыгын жоюуу” аттуу темада капысынан өрт-тактикалык машыгуу 10 апрель күнү өткөрүлдү.

Машыгуу облусттык жетекчиликтин, Жалал-Абад шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын катышуусунда өткөрулдү.

Машыгууга тартылган Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн  № 20 жана 58 өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн 2 өрт өчүрүүчү жана 1 авариялык-куткаруу автоунаасы  машыгуу болгон жерге ыкчам жетип келип, өрттү өчүрүү тактикасын көрсөтүштү.

Машыгуунун жүрүшүндө соода кылган жарандарга өрт коопсуздук эрежелери боюнча лекция окулуп, өрткө каршы  түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп айдоо аянттарды суу каптай баштады (фото)

2018-жылдын 11-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районунда алдын ала алынган маалымат боюнча, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Баш-Дөбө айыл аймагынын Кара-Дарыя №1 тилкесиндеги Кара-Дарыя суусунун деңгээли көтөрүлүп, Бак тилкесинде 107 Га үлүш жерди, Өзгөн Девзара кооперативинин 246 Га жерин азыркы учурда суу каптаган.

Жаңы-Жол тилкесиндеги болжол менен 50 турак үйлөрдү суу каптоо жана табигый жээкти жеп кетүү коркунучу жаралууда.

Учурда жеринде КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу жана райондук Жарандык коргонуунун комиссиясы иш алып барууда.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

2018-жылдагы ажылык сапарына баруучу жарандардан төлөмдөрдү кабыл алуу 13-апрелде аяктайт  

2018-жылдагы ажылык сапарына барууну максат кылып, аймактык кезекке туруу үчүн 500 АКШ долларын жана 1000 сом төлөп, документтерин талапка ылайык толук тапшырып, электрондук тизмеге катталып, ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлер калькулацияда көрсөтүлгөн 2890 АКШ долларынан калган 2390 АКШ долларын 2018-жылдын 13-апрель күнү РСК банкынын иш убактысы бүткөнчө төлөөлөрү зарыл.

Эгерде жарандар ажылык үчүн бардык төлөмдөрдү көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирген учурда тизмеден четтетилет.

Бул тууралуу муфтияттын басма-сөз кызматы билдирди.

Акыйкатчы институту чек арадагы окуяны иликтоону баштады

Институттун басма-сөз кызматы билдиргендей, 2018-жылдын 7-апрель күнү Өзбекстан Республикасынын чек ара кызматкери тарабынан аткан октон Кыргыз Республикксынын жараны Фархад Мырзакалыков окуя болгон жерде каза тапкан.

Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин тапшырмасы менен Акыйкатчы институнунун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү иликтөө баштады. Акыйкатчынын кызматкерлери 8-апрелде Аксы районунда болушту.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Таалай Кожошевдин маалыматы боюнча, 2018-жылдын 7-апрель күнү эртең менен саат 7:30да Кербен шаарынын 34 жаштагы тургуну Фархад Мырзакалыков Өзбекстан Республикасында жашаган апасынын сиңдиси (тая эжеси) Дилорам Бекиеванын үйүнө барып, артка кайткан. Ал учун Ф.Мырзакалыков арыктан аттап барып (бул арык шарттуу түрдө кыргыз-өзбек чек арасы катары саналат), саат 8:10до кайра үйүнө жөнөп, Кыргызстандын аймагына өткөндө Өзбекстандын чек ара аскерлери жашынып турган жеринен артынан кууп келишип, бир аскери Кыргызстанга өтүп, Ф.Мырзакалыковду өздөрүнүн аймагына сүйрөйт. Ф.Мырзакалыков ал жакка өтпөй койгондо, Өзбекстандын чек арачысы Кыргызстандын аймагынан ок чыгарат. Ок Фархад Мырзакалыковдун башына (мурдуна) тийгендиктен ал ошол эле жерден каза болгон.

Өзбекстандын чек ара кызматкери Ф.Мырзакалыковдун сөөгүн Өзбекстандын аймагы тарапка сүйрөп бараткан жеринен эжеси Дилорам көрүп калып, элге жардам сурап кыйкырат. Кыргызстандын айылынан жумушка кетип бараткан эки адам жардамга келишет. Аларды да Өзбекстандын чек ара кызматкерлери “Кыймылдасаңар атам!” –деп коркуткан. Өзбекстан тарапта да, Кыргызстан тарапта жергиликтүү айылдын элдери топтошуп калгандан кийин гана башында жардамга келген адамдын машинеси менен Фархадды ооруканага алып барууга мүмкүнчүлүк болот.

Окуя болгондон кийин Өзбекстандын Янги-Курган чек ара отрядынын башчысы Шавкат Мирзоабдуллаев менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад областы боюнча башкармалыгынын башчысы Кожошев Таалай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгон. Таалай Кожошев сүйлөшүү маалында бул окуя биринчи эместигин, 2010-жылы 6-январда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматтарынын жетекчилери Жапаров менен Мирзоев “Куралды өзгөчө учурларда гана колдонуу” боюнча макулдашууга келишип, кол коюшканын айтып, Өзбекстан тарап ал макулдашууну бузганын билдирген.

Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүгүнө Т.Кожошев окуя болгон жерден 2 гильза жана атылбаган бир ок табылганын, учурда Өзбекстан республикасынын Наманган вилоятында өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатканын, болгон окуя боюнча Аксы РИИБу тарабынан 33-18-5тарабынан 33-18-50 сандуу КР Кылмыш жазык кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пункту боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Маалымат үчүн айта кетсек, ушул жылдын 5- февралында Өзбекстан Республикасынын чек арачылары ушул эле Ала-Бука районунун Көк-Серек айылынын жашоочусу Асан Усөнбаевди дагы Кыргызстандын аймагында атып, ал октон жарадар болгон. Акыйкатчы Кубат Оторбаев Асан Усөнбаев дарыланып жаткан ооруканага барып жолугуп, маалымат топтогон. Бул ишти кылдат иликтеп, Өзбекстандын чек ара кызматкерин мыйзам алкагында жазалоого жетишүүнү А.Усөнбаевге компенсация төлөп, көмөк көрсөтүүнү сурап Акыйкатчы Кубат Оторбаев КРнын Президентине, КРнын Премьер-министрине жана Башкы прокуратурага кат жолдогон. Натыйжада бул иш Президент Аппаратынын жана Премьер-министрдин көзөмөлүно алынганы маалымдалган.

2018-жылдын 6-февралында Ала-Бука районунун ИИБ тарабынан Озбекстандын чек арачылары тарабынан жарадар болгон Кыргызстандын жараны боюнча КР Кылмыш кодексинин 346-беренеси («Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү»), 123-беренеси (“Адам уурдоо»), 28-97-беренеси (“Адам өмүрүнө кол салуу») боюнча кылмыш иши козголгон. Акыйкатчы Кубат Оторбаев денесинен оор жаракат алган А.Усөнбаевге компенсация төлөнө электигин, аны аткан Өзбекстандын чек арачысы кандай жаза алганы тууралуу маалыматтын жоктугун, тилекке каршы, чек арадагы мындай аракеттер тынч күндөрдө адам өлүмүнө алып келип жатканын белгилейт. Бул эки иш тең Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин жеке көзөмөлүндө.

- Реклама -

Мы в соц сетях

0FansLike
3,798FollowersFollow
1,145SubscribersSubscribe

Недавние Посты

Самое популярное

Талас районунда ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен шамал катталды (фото)

Талас районунда 2018-жылдын 23-май күнү саат 16:00-17-00гө чейин ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен шамал катталып, шамалдын кесепетинен Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылында 1 үйдүн...

Президент С.Жээнбеков парламенттик көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери – КСДП фракциясынан Иса Өмүркулов, “Кыргызстан” фракциясынан Алмазбек Баатырбеков жана “Бир...

Токтогулда дайынсыз болгон 21 жаштагы Чоң-Арык айылынын тургуну изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда алдын ала алынган маалымат боюнча, 2018-жылдын 11-апрелинде Кетмен-Төбө айыл аймагындагы Чоң-Арык айылынын тургуну 1997-жылы туулган Табылды уулу А. үйүнөн чыгып...
video

Ош облусунда жайгашкан Кара-Суу районунун борбордук базары өрт коопсуздук талаптарына таптакыр жооп бербейт

Ош облусунда жайгашкан Кара-Суу районунун борбордук базары өрт коопсуздук талаптарына таптакыр  жооп бербейт. Тагыраак айтканда, Мамэкотехинспециянын Кара-Суу райондук башкармалыгы жана  Өкмнин  райондук өрткө каршы кызматы...

Кочкордо автоунаа жөө жүргүнчүнү сүздү, ал ошол жерден жан берди

Кочкор районунда 2018-жылдын 15-апрелинде саат 19:57 чамасында Кочкор-Кум-Дөбө ички чарбалык унаа жолунун 15-чакырымында (Ак-Жар айылы) "Ауди-100 С4" үлгүсүндөгү  мамлекеттик №В77-91V жеңил унаанын айдоочусу жолдо бараткан жөө...
WP2Social Auto Publish Powered By : XYZScripts.com