Коомдук активисттер  Данияр Усеновду Кыргызстанга кайтарып берүү талабы менен Беларусия элчилигинин алдына митингге чыгышты.

0
232

Бүгүн 14-декабрда, «Айкөл Ала-Тоо», «Мекен шейиттери» коомдук бирикмелери жана апрель курмандыктарынын туугандары борбордогу Беларусия элчилигинин  алдына качкында жүргөн экс-премьер-министр Данияр Усеновду Кыргызстанга кайтарып берүүнү талап кылып митингге чыгышты.

Митингге чыккандар Беларусиянын президенти Александр Лукашенкого атайын кайрылуу каты менен кайрылышты.

Анда: «Өз өлкөңүздү урматтасаңыз ууруну өлкөңүзгө киргизбеңиз. Кыргызстанга  Данияр Усеновду – Даниил Урицкийди кайтарып бериңиз. Ал ууру жана бандит өмүр бою түрмөдө олтурууга тийиш» деп жазылган.

Митингдин уюштуруучуларынин бири Жоомарт Дүйшеев 2010-жылдан бери качкында жүргөн Данияр Усенов азыркы учурда Урицкий Даниил Тимуровчи деп атын өзгөртүп, КМШ, БАЭ жана Кытай Эл Республикасына эркин каттап, бир катар ишканаларды жетектеп жүргөндүгүн билдирди. Беларусия өкмөтү Данияр Усеновду Кыргызстанга өткөрүп бергенге чейин митингдер улана берээрин жана кылмышкер жасазын алганга чейин коомчулук тынчыбай тургандыгын кошумчалады.

Эскерте кетсек, Данияр Усенов 2010-жылдын 7-апрелиндеги кан төгүүлөргө тийиштиги бар, жер сатуу жана башка коррупциялык оор кылмыштарынан улам сот жообуна тартылып өмүр бою эркинен ажыратылып Беларусияга качып кеткен.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите свой комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь