Бишкекте «Манас» эпосунун CD жана DVD дисктеринин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык 19-декабрда «Манас» эпосунун CD жана DVD дисктеринин бет ачары болуп ага Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова катышкан.

Вице-премьер-министр «Манас» эпосу Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулукка тааныткандыгын белгилеп, «Манас» эпосунун үчилтиги – дүйнөлүк маданияттын бермети, бардык этностордун жана улуттар аралык ынтымактын, толеранттуулук идеяларын бекемдеген, кыргыздардын тарыхын, философиясын, дүйнөтаанымын жана руханий маданиятын камтыган, кыргыз элинин кайталангыс эпикалык мурасы экендигин айтып өткөн.

«Манас» эпосун сактап калуу жана популяризациялоо максатында эпостун үчилтигин компакт-дисктерге жазып алуу, таратуу иштерин улантылат. Сапаттуу жазып алууларды таратууга акча каражатын көбөйтүү керек», – деди Чолпон Султанбекова.

Жоолугушуда манасчылар вице-премьер-министр Чолпон Султанбековага  “манасчы” наамын мыйзам аркылуу бекитип берүү суранычы менен кайрылып, Кыргызстанда мындай наам жок  экендигин жана «Манас» айткандарга “артист” деген наамы берилип келээрин айтышкан.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан уюштурулган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите свой комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь