Түрк полициясы токмоктогон Кыргызстандык аял Бишкекке кайтарылып келинди

0
30

Түрк полициясынан токмок жеп ооруканага түшүп калган Ранохан Арипова Кыргызстанга кайтарылып келинди. Бул тууралуу ИИМдин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык 16-декабрда Түркиядагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери Адана шаарына барып октябрь айында түрк полиция кызматкеринен катуу токмок жеп ооруканага түшүп калган Ранохан Арипованы Кыргызстанга жөнөтүү аракеттерин көрүшкөн.

Тиешелүү процедуралар аткарылгандан кийин Р.Арипова Стамбул аркылуу Бишкек шаарына 17-декабрда келип түшкөн. Азыркы учурда туугандарынын карамагында.

Элчиликтен билдиришкендей окуя болгондон күндөн тартып өкүлчүлүктүн кызматкерлери Р.Арипова жана анын Бишкектеги туугандары менен дайыма байланышта болуп, дарыгерлерден тиешелүү маалыматтарды алып турушкан.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги жана Стамбул шаарындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Өкүлчүлүгү Түркия сот органдары менен Р. Арипованы токмоктогон түрк полиция кызматкерин жазага тартуу боюнча иш-аракеттерин улантууда жана 2018-жылдын март айында өтө турган кезектеги соттук отурумга катышат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите свой комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь