Ысык-Көлдө мыйзамсыз коён аткан адам кармалды

0
38

Ысык-Көл областынын Ак-Өлөң айылында мыйзамсыз коён аткан адам кармалды. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана  токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-декабрда болжол менен 21:00 чамасында департаменттин инспектору К.Абдышев жана милициянын майору А.Эсенгулов тарабынан өз автоунаасы менен мыйзамсыз коен атып жүргөн жеринен 1988-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалган.

Териштирүүнүн натыйжасында мыйзам бузуучу алып жүргөн мылтыктын уруксат кагазы жок болуп чыккан.

Айыпкер Кыргыз Республикасынын Административдик Кодексинин 154-беренесине ылайык жазага тартылат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите свой комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь