Видео – «Супара» этноборборунун жанында машина чуңкурга түшүп кетти. Жабырлануучулар бар.

0
287

Аламедин районунда «Супара» этноборборунун жанында кырсык болду. Окуянын видеосун өзүнүн Facebook баракчасына Айбек Бараташвили атуу колдонуучу жарыялады.

Видеодон ак түстөгү «Wolksvagen passat» үлгүсүндөгү автоунаа жол жээгиндеги чуңкурга кирип кеткендиги көрүнөт. Окуяга күбө болгондор дароо жардамга келишкен. Жерде эки аял жатат. Унаадан дагы бир аял жана эркекти алып чыгышкан.

Жабырлануучулардын абалы тууралуу азырынча маалымат жок.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите свой комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь