Биздин дарыгерлер кээ бир учурда «балким бул жардам бербей калса дагы» деген ой менен көп дары жазып берип салышат. Бул тууралуу «Партнерская сеть» Бирикмесинин директору Айбар Султангазиев билдирди.

Айтымына караганда бизде көп дары жазып берген дарыгерлерге ишенишет.

«Жазып берген дарылардын көбүнүн пайдасы деле жок. Ал ооруну деле айыктырбайт. Дарыны  милдеттүү түрдө натыйжа берээрин тастыктаган клиникалык документтерге таянып жазып бериш керек. Азыркы учурда бирөөлөр менен келишип алып ар кандай БАД сыяктуу кошулмаларды, дарыларды жазып берип жатышат. Бирок алар таасир береби белгисиз» – деди А.Султангазиев.

Саламаттыктык сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармектер менен камсыз кылуу Департаментинин кызматкери Мариям Жангорозованын айтуусу боюнча расмий каттоо аркылуу алынып келген дары натыйжа бербесе, анда бул дарыны чыгаргандар жана Кыргызстанга сатып алып келгендер жооп берет.

«Бирок бул тууралуу маалыматтардын баары дары-дармектер менен камсыз кылуу Департаментинде сары кагаз аркылуу топтолот. Качан бизге кабар келип түшсө биз барып текшере алабыз. Бирок мунун да себептерин такташ керек. Балким алынган дары чындап эле контрабандалык жол менен алынып келинген болушу мүмкүн», – деди ал.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите свой комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь