Бишкекте «Бишкек сүйүктүү шаарым!» сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматы маалымдады.

«Ала-Тоо» борбордук аянтында муниципалитеттин 2017-жылы аткарган ишинин натыйжасын чагылдырган «Бишкек сүйүктүү шаарым» сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Сүрөт көргөзмөдө шаардык мэриянын жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн өтүп бараткан жылда аткарган иш-чараларын чагылдырган 100 сүрөт коюлган. Көргөзмөдөн жаңы жасалган жолдордун, жаңы салынган мектептердин, ден соолук борборлорунун сүрөттөрүн көрүүгө болот.

Айрыкча Бишкектин кечки көрүнүшүн жана майрамдык иш-чараларды чагылдырган сүрөттөр шаардыктарды кайдыгер калтырбайт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите свой комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь