Алгачкы жааган кар шаардык жол көзөмөлдөө башкармалыктарына гана түйшүк алып келбестен медицина кызматкерлерине да түйшүк жаратууда. Бул тууралуу бүгүн 28-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинин басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда кар жаагандан кийин шаардын көчөлөрү айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө коркунуч жараткан зонага айланды.

Шаардык медициналык кеңеш берүү жана спорттук медицина борборунун травмотология бөлүмүнүн жетекчиси Дөлөсбек Соромбаев 27-декабрь күнү Манас көчөсүндө жайгашкан шаардык жаракат тейлөө пунктуна бир күндүн ичинде 50гө жакын жаран кайрылса анын ичинен 21 жаран көчөдө тайгаланып кулап жаракат алгандыгын билдирди.

Тайгаланып жыгылгандардын көпчүлүгүнүн колу сынган, тарамышы чоюлган жана шишиген.

«Былтыркы жылга салыштырганда тайып жыгылгандардын саны артты деп айта албайм. Кар жаңы жаады. Адамдар кышкы аба ырайынын шартына көнө элек. Кадимки эле көрүнүш. Этият болгула! Жылдагыдай эле, барган сайын тайып жыгылгандардын саны азаят. Кривоносова көч. 206 дарегинде жайгашкан Бишкек шаардык илимий-изилдөө борборунун травмотология жана ортопедия бөлүмдөрүндө иштеген менин кесиптештерим сыяктуу эле травмотология кызматкерлери күн-түн иштешет» – деди Дөлөсбек Соромбаев.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите свой комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь