Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 27-декабрда болжол менен саат 15:30 чамасында Чүй районунун Кегети айылында дискотекада окуучулар жана мугалимдер генератордун газына ууланышкан.

Чүй аймактык ооруканасына жардам сурап 110 жаран кайрылган. Анын ичинен 4 мугалим калганы 2001-2007-жылы туулган окуучулар болгон. Амбулатордук шартта 72 окуучуга кызмат көрсөтүлүп, 38 окуучу стационардык режимде ооруканага жаткырылып, 3 адам жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Уулангандардын ичинен үчөөнүн абалы кыйла оор, калгандары жеңил ууланган.

Азыркы учурда ооруканадан 37 адам чыгарылып, стационардык шартта 2001-жылы туулган У. к Г., дарыланууда. Абалы канааттандыраарлык.

Окуучулар свет жоктугуна байланыштуу, мектептин спорт залында генератордун жардамы менен дискотека уюштурушкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите свой комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь