Facebook социалдык тармагынын Жылдыз Осмонова аттуу  колдонуучусу өзүнүн баракчасына  Москвада киши колдуу болгон Кыргызстандын эки жараны тууралуу маалымат жарыялады.

Анын берген маалыматына караганда Жуковскийде табылган 2 маркумдун сөөгүн, тактап айтканда жоголгон мекендештерибизди 28-декабрдан бери туугандары издеп жаткан.

Маркумдун бири Мурат (кара футболкачан) айлыгын алып, 10-январга чейин жумуш жок боло турганын билип, Кыргызстанга учайын деп пландаштырган. Бирок Москвага келгенине 1 эле ай болгондуктан, чыгым кылбайын деп келинчеги менен кеңешип калып турууну чечкен.

Мурат 3 баланын атасы, евро-ремонт жасап иштеген чебер, 5 маал намаз окуган киши болгон.

Москвага келгенинин себеби, 15-февралда экинчи баласына Германияда экинчи операциясы жасалмак.  Ошол убакка чейин Кыргызстанда убактылуу иши токтогондуктан, иштеп келе калайын, операцияга тыйын топтоп алайын деген ниет менен аттанган.

Анын 7 жашар баласына «колостомия с подозрением на синдром Гиршпрунга» деген диагноз коюшкан (4 жылдан бери бул оору менен күрөшүп келишет). Жөнөкөй тил менен айтканда – эл катары дааратканага бара албайт, ичегилеринен заарасы чыгат😞

Москвада досунун агасы Искен (ак футболкачан) менен жашап турган. Ал ошол күнү аны менен сыртка бир балдар менен жолугуп келүүгө чогуу барып кел деп өтүнгөн.

Алар метро Люблинодогу кыргыздардын ” Алмаз” деген кафесине барып, ошол жерде түнкү саат 03:00кө чейин олтурушкан.Түнкү 03:00тө бир кыргыз балдар келип, күч менен машинасына салып алып кетишет.

Ошол күндөн тартып, туугандары издеп келген. Убактылуу кармоо жайларына, оорукана-моргдорго чалып, издешкен.

Туугандары аталган кафенин жамааты ар кайсыны шылтоолоп видеобайкоодон кимдер алып кеткенин көрсөтпөй жаткандыгына нааразы болушууда.

Маркумдун артында келинчеги, 8 жана 7 жаштагы эки уулу, 9 айлык кызы калды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите свой комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь