Баткен облусунун Исфана шаарында жеке ишкер тарабынан өз билемдик менен мыйзамсыз салынган курулуш буздурулат. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынын басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамэкотехинспекциянын Баткен, Сүлүктү шаарлары, Баткен жана Лейлек райондору боюнча региондор аралык башкармалыгы текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн натыйжасында Исфана шаарынын Пулон көчөсүндө жеке ишкер өз билемдик менен эч кандай уруксаат кагаздары жок, курулуш жүргүзгөндүгү аныкталган. Мындан сырткары курулушту соода түйүнү катары мыйзамсыз колдонуп жаткандыгы такталган.

Жеринде Мамэкотехинспекциянын адистери тарабынан тийиштүү кагаздар толтурулуп, курулушту буздуруу талабы коюлган.

Бирок белгиленген мөөнөттө Инспекторлордун талаптары аткарылбагандыктан, курулуш ээлерине 200 000 сом айып салынып, курулушту буздуруу талабы коюлуп материалдар Лейлек райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Лейлек райондук соту тарабынан Мамэкотехинспекциянын койгон талаптары канааттандырылды.

Курулуш жакынкы күндөрү буздурулат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите свой комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь