Көрүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында КР ИИМдин, Ысык-Көл ОИИБдин жана Ысык-Көл РИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан КР ИИМдин ыкчам каттоосунда турушкан, Бостери айылынын эки жергиликтүү тургундары кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин аймактык басма-сөз кызматы кабарлады.

Алынган санкциясынын негизинде үйлөрүндө мыйзамдуу тинтүү жүргүзүү учурунда 26-жаштагы Бостери айылынын тургуну, мурда КР КЖКнын 169 (каракчылык) беренеси менен соттолгон Ү. уулу Бактыбектин үйүнөн мыйзамсыз сакталган марихуана баңги заты табылып алынды. Контролдук салмагын өлчөдөө баңги заттын салмагы 2 кг. 700 гр. түздү.

Ал эми, ушул эле айылдын 27-жаштагы тургуну, мурда КР КЖКнын 170 (опуза талап) беренеси менен соттолуп келген М. Айдардын үйүнөн мыйзамсыз сакталган 5,45 мм. автоматтын 11 октору табылып алынды.

Аныкталган эки факты боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246 (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) жана 241 (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) беренелери менен кылмыш иштери козголуп, кылмышка шектүү катары кармалышкан адамдар райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда алардын үстүнөн тергөө амалдары жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите свой комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь