Бүгүн, 11-январь күнү  Бишкек-Ош унаа жолундагы (Төө-Ашуу ашуусунан баштап Чычкан капчыгайына чейин) абалды текшерүү максатында ӨКМнин ыкчам тобу  ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун Кыймылдуу башкаруу пункту менен чыгып кетишти. Бул тууралуу ӨКМнын басма-сөз кызматы билдирди.

Аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолуу унаа жолдору аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону белгилейт:

–      ӨКМден берилген шашылыш билдирүүгө, аба-ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көнүл буруу;

–      тоолуу унаа жолдорунда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;

–      кышкы дөңгөлөктөргө;

–      күрөкчө, чынжырча, аптечка болуусу зарыл.

Өзгөчө кырдаалдарда 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите свой комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь