ӨКМ маалымдайт:2018-жылдын 13-январынан 16-январына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолу унаа жолдору аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону белгилейт:

– ӨКМден берилген шашылыш билдирүүгө, аба-ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көнүл буруу;

– тоолуу унаа жолдорунда унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл;

– кышкы дөңгөлөктөр;

– күрөкчө, чынжырча, аптечка болуусу зарыл.

Өзгөчө кырдаалдарда 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите свой комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь