Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанкулованын төрагалыгы астында кечээ, 11-январда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңештин кезектеги отуруму болуп өткөн.

Отурумдун күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Глобалдык фонддон 2018-2020-жылдарга кургак учук жана безгек менен күрөшүү үчүн гранттык каражат алуу боюнча өлкөлүк билдирмесин жактыруу боюнча маселе каралган.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова маселенин актуалдуулугун жана маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан үчүн жалпы суммасы 23,4 млн АКШ долларында бөлүнүп жаткан гранттык жардам ВИЧ инфекция жана кургак учук менен ооругандарды сапаттуу медициналык жардам жана заманбап дарылар менен дарылануусун камсыз кылаарын билдирген.

Белгиленген өлкөлүк билдирме 2017-жылдын ичинде жана Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңешке караштуу Билдирмелерди даярдоо, ресурстарды мобилизациялоо, ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү комитетинин гармонизациялоо секторунун мүчөлөрү тарабынан иштелип чыккан. Даярдалган билдирме кызыкчылыгы бар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык жана коммерциялык эмес мекемелер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык сектордун катышуусунда жумушчу жана эксперттик аянтчаларда каралган.

Отурумдун жыйынтыгында 2018-2020-жылдарга СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү үчүн Глобалдык фонддон гранттык каражаттарды алуу боюнча Кыргыз Республикасынын өлкөлүк билдирмесин жактыруу боюнча чечим кабыл алынган.

Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча координациялык кеңештин алдындагы ВИЧ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү комитетине СПИД жана кургак учук жана безгек менен күрөшүү үчүн Глобалдык фондго аталган өлкөлүк билдирмени жөнөтүү тапшырмасы берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите свой комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь