Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 12-январда, Талас облусуна жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу Өкмөттүн басма-сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Өкмөт башчы сапар алкагында Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылында белгилүү кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын ачылышына катышат.

Мындан тышкары, Премьер-министр Манас районунун Май айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышып, ошондой эле Талас мамлекетик университетинин эмгек жамааты жана студенттери менен жолугушмакчы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите свой комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь