Чүй облусунун Сокулук районунда турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма-сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-январь күнү саат 20:18 чамасында Чүй облусунун Сокулук районундагы Прогресс дачасында 60 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган 2 кабаттуу турак үйдө өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө №23 өрт-куткаруу бөлүмү таптылып,өрт саат 23:44 толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите свой комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь