Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шыралжын участкасынан  мыйзамсыз анчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралу 19 мартта Мамэкотехинспекциянын басма-сөз катчысы А. Мамбеталиева билдирди.

Тагыраак айтканда, Мамэкотехинспекциянын Талас облусу боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору,  рейд учурунда  Кара-Буура районуна караштуу Бакыян айылынын Рыскулбеков И.О. аттуу тургунун эч кандай уруксааты жок 12-калибрдеги ок атуучу курал жана атылган куштары менен кармашкан.

Аталган жаран эч кандай уруксаат кагаздары жок, өз билемдик менен аңчылык кылып жүргөн. Жеринде Мамэкотехинспекциясынын инспекторлору тийиштүү протоколдорду толтурушуп, мыйзам бузган жаранга административдик айып салышты.

Ошондой эле, чара көрүү максатында чогулган материалдар Талас облусунун Бакай-Ата районунун сотуна өткөрүлүп берилди.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here