2018-жылдын 27-мартында аба ырайынын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 289-чакырымында (Чоң-Көчкү), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле Ийри-Суу участкасынын 42-44-чакырымдарында, Арал-Суусамыр унаа жолунун 8-21 чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталып, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдагандай, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2018-жылдын 27-мартында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт, мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

27-мартта абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 3…8°, күндүз 10…15° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 13…18° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…21°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2018-жылдын 27-мартынан 28-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында суунун денгээли кескин көтөрүлүшү мүмкүн.

Ошол себептен, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2018-жылдын 22-мартында №02-34/221-Т, 2018-жылдын 23-мартында №02-34/226-Т жана 2018-жылдын 26-мартында №02-34/231-Т телефонограммалары чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондугуна байланыштуу, 2018-жылдын 23-мартынан 27-мартына чейин Чүй облусунун Жайыл районундагы “Сосновка” постунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы “Арал” постунда жана Талас облусунун Талас районундагы Өтмөк ашуусунда саат 21:00дөн саат 06:00гө чейин, унаалардын баардык түрлөрү үчүн жол каттамын жабуу боюнча КРнын Жарандык коргонуунун мекемелер аралык комиссиясынын төрагасы Премьер-министрдин 2018-жылдын 23-мартында №13 буйругу чыккан.

2018-жылдын 26-мартында Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” постунда, “Арал” постунда жана Өтмөк ашуусунда саат 21:00дөн тартып унаалардын бардык түрүнө каттам убактылуу жабылган.

2018-жылдын 27-март күнү саат 06:00дө убактылуу жабылган постор ачылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here