Сулайман-Тоонун аймагында 500 дөн ашык кыймылсыз мүлк болсо, алардын 63ү мыйзамсыз  салынып, айрымдары мыйзамсыз менчике өтүп кеткен.  Көпчүлүгүн, ушуга чейин сот аркылуу музей администрациясы кайтаруу аракетин көрүп бирок, колдорунда кызыл китеби же өкмөттүн токтому болбогондуктан сотто жеңилип калып жаткан.

Өкмөттүн токтому чыгып, эми кайрадан жумушчу топ түзүлүп мыйзамсыз объектилерди кайтаруу боюнча иш план түзүлмөкчү.  Сулайман-Тоого таандык аймакта ижарада турган кафе жана башка бизнес объектилери бар. Бул аймака имарат курганда мыйзамга ылайык   7 метрден бийик салынбашы керек. Бүгүнкү күндө 2 кабат заңгыраган кафелер салынып, Сулайман-Тоонун понарамасын тосуп калышкан. Бүгүн ошол объектилерге эскертүүлөр берилип, экинчи кабаттары бузулуусу керек деген талаптар коюлду.

“Аль-Маида кафеси, Үч-Тал кафеси, алардын жанындагы самсаканалар экинчи этажын мыйзамсыз куруп алышып, Сулайман-Тоонун понарамасын тосуп турат. Булардын экинчи кабаты сүдүрүлүшү керек”, деди Кыргыз Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик экотехинспекциясынын жерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Айнур Кенжебаева.

Бул кафелер Ошто элдер эң көп тамактанчу жайлар экенин көпчүлүк жакшы билет. Алар кимге таандык экенин дагы жакшы билишет. Мисалга Аль-Маида ИИМдин орун басары генерал Сүйүн Өмүрзаковго таандык, эми музей жамаатынын генералга алы жетеби? Же, кафесиз деле байлыгы жетиштүү генерал өз эрки менен эле соттошпой-поттошпой эле кафени мыйзамдуу калыбына келтирип коебу? Ким билсин?!

“Ордо” кафеси болсо Ош шаардык ИИБнын мурдагы башчысы Мырзаматовдун бир туугандарына таандык, анын үстүнө бир иниси Ош шаарынын вице-мэри болуп турганда кафесин сүрдүртмөк түгүл жанына адам жолотпой койгонун Оштун эли жакшы билет. Эми эле берип коер бекен?!

Сүрдүрүлгөн чайхана Айдар-Ата болсо, олигарх Жалил Атамбаевге таандык болгон, ал дагы соттошуп чыкпай жатып мамлекеттин жерин ошол мезгилдеги премьер-министр Темир Сариевдин кийлигишүүсү менен араң кайтарган болчу.

“Ушуга чейин колубузда документ болбогон үчүн мыйзамдуу талаптарды коюуу кыйын болуп келген. Эми жакшы жыйынтыктарга жетебиз деп ойлойм”,-деди музейдин дирекорунун орун басары Хайрулло Кудайбердиев.

Сулайман-Тоонун тарыхый-археологиялык музей-комплексине таандык аянт аныкталып өкмөттүн токтому менен бекитилди.   1982 жылы музей комплекси курулганда Сулайман-Тоого таандык 134 гектар жер берилген. Анын 55 гектарын тоо өзү ээлеп турса, калган 79 гектары тоонун тегерегиндеги корукталган аймак болгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here