Ош облусунда жайгашкан Кара-Суу районунун борбордук базары өрт коопсуздук талаптарына таптакыр жооп бербейт

Ош облусунда жайгашкан Кара-Суу районунун борбордук базары өрт коопсуздук талаптарына таптакыр  жооп бербейт.

Тагыраак айтканда, Мамэкотехинспециянын Кара-Суу райондук башкармалыгы жана  Өкмнин  райондук өрткө каршы кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн машыгууда, өрт өчүрүүчү унаа кире албай, белгиленген өрттү такыр өчүрө алган эмес.  Баш аламан жайылган товарлар, ирээтсиз орнотулган курулуштар жана  соода жайлары Кара-Суу базарынын борбордук көчөлөрүн  тарытып, атайын унаанын кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берген жок. Натыйжада белгиленген өрт өз маалында өчүрүлбөгөңдүктөн,  аталган базар коопсуздук талаптарына такыр жооп бербестигинен кабар берди.

Мамэкотехинспекциянын адистеринин айтымында, Кара-Суу базарында буга чейин текшерүү жүргүзүлүп, өрт коопсуздук талаптарына базардын  даяр эместиги боюнча корутунду берилген. Маселен Кара-Суу базарынын аймагында өрткө  каршы суу көлмөлөр орнотулган эмес, кырсык учурунда белиг берүүчү  каражаттары жок, чатырлары өрткө туруштук бербейт, электр чубалгылары, жарык берүүчү лампалар, розеткалар өрт коопсуздук эрежерелин одоно бузуу менен орнотулган жана өрт учурунда кирип чыгуу белгилеринин жоктугу аныкталган.

Инспекторлор тарабынан аныкталган кемчиликтерди тезинен жоюу боюнча эскертүүлөр берилип, буга ейин административдик чаралар көрүлгөн.  Бирок өрткө каршы берилген көрсөтмөлөр ушул күнгө чейин аткарылбай келет.  Буга байланштуу  материалдар чогултулуп, базар ээлерине  катуу чара көрүү үчүн  прокуратура органдарына  өткөрүлгөн. Учурда укук коргоо органдары менен биргеликте базарды ирээтке келтирүү иштери жүрүп жатканын адистер кошумчалайт.

Мамэкотехинспекциянын басма-сөз кызматы

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here