Талас районунда 2018-жылдын 23-май күнү саат 16:00-17-00гө чейин ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен шамал катталып, шамалдын кесепетинен Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылында 1 үйдүн 25 даана шиферин, Долоно айыл аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 13 даана шиферин, 7 турак үйдүн 184 даана шиферин жана айыл өкмөттүн имаратынын 65 даана шиферин учурган.

Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Талас райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы барып, тактоо иштерин жүргүзүшкөн.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерине ылайык, шамалдын ылдамдыгы тоолуу райондордо секундасына 35 метрден ашса, ал эми өрөөндөрдө секундасына 25 метрге жетсе жана анданжогору катталган учурда өзгөчө кырдаал катары эсептелинет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here