Институттун басма-сөз кызматы билдиргендей, 2018-жылдын 7-апрель күнү Өзбекстан Республикасынын чек ара кызматкери тарабынан аткан октон Кыргыз Республикксынын жараны Фархад Мырзакалыков окуя болгон жерде каза тапкан. Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин тапшырмасы менен Акыйкатчы институнунун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү иликтөө баштады. Акыйкатчынын кызматкерлери 8-апрелде Аксы районунда болушту. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек...
Талас облусунда өнөр–жай багытындагы жерлерде мыйзамсыз топурак казгандарга чаралар көрүлүүдө. Тагыраак айтканда, Мамэкотехинспекциянын Талас облустук башкармалыгынын текшерүүсүндө, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын Талас-Тараз- Суусамыр автожолунда, мыйзамсыз топурак жүктөп келе жаткан жаран кармалган. Кармалган жаран Талас районунун Талды-Булак айылынын тургуну Кенжегараев Болот аттуу жаран экендиги аныкталып, жанында эч кандай уруксаат кагаздары жок, Камаз автоунаасы Өзгөрүш айылынын Беш-Булак участкасынан өнөр-жай багытындагы...
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу шаарында  2018-жылдын 26-27-28-март күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Майлуу-Суу дарыясындагы суунун дэңгээли көтөрүлүп, Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Кара-Жыгач айылында 2018-жылдын февраль айында КР ӨКМ жана мэрия тарабынан атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш мерчеминин негизинде курулган каналды жууп кетип дарыя оң жака мурунку эски нугуна бурулуп, шаарды...
2018-жылдын 27-мартында аба ырайынын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 289-чакырымында (Чоң-Көчкү), Казарман-Актал-Чат унаа...
Кыргызстандын омбудсмени Кубат Оторбаев Россия Федерациясынын  адам укуктары боюнча атайын өкүлү Т.Москальковага Рязань шаарында жайгашкан «Февраль» ОсООсунун (жоопкерчилиги чектелген коомунун) жетекчилери тарабынан эмгек мигранттарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарынын одоно бузулууларына байланышкан фактыларды көзөмөлгө алуусун өтүнүп кайрылуу жөнөттү. Бул тууралу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги Россия...
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шыралжын участкасынан  мыйзамсыз анчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралу 19 мартта Мамэкотехинспекциянын басма-сөз катчысы А. Мамбеталиева билдирди. Тагыраак айтканда, Мамэкотехинспекциянын Талас облусу боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору,  рейд учурунда  Кара-Буура районуна караштуу Бакыян айылынын Рыскулбеков И.О. аттуу тургунун эч кандай уруксааты жок 12-калибрдеги ок атуучу курал жана атылган куштары менен кармашкан. Аталган...
2018-жылдын 14-март күнү саат 20:30да Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 353-чакырымында (Кызыл-Бел ашуусу) мамл.№В90-17Р “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен. КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болгон (аты-жөнү такталууда). Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин №16 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып,...
WP2Social Auto Publish Powered By : XYZScripts.com