Home Blog Page 3

Элечек жѳнүндѳ видео-тасма

Буюрса салттуу маданиятты жайылтууда элибиз үчүн кылып жаткан дагы бир эмгегибиз даяр болду. Бул тууралуу “Кыргыз дуйнѳ-Кѳчмѳн руху” коомдук биримдиги билдирди.

Маалымат боюнча, 2013 – жылдан тарта 2018-жылга чейин долбоор менен иштешкен энелердин, жана уздардын айтып, кѳрсѳтүп берүүсү менен оролгон, тарыхый маалыматтар менен тастыкталган элечектердин 13 түрү боюнча кыска жана пайдалуу видеолорду койуп баштайбыз.

Фоторепотаж – Ош областында  “Достук Кербени” уланууда

Жаш тынчтык куруучуларынын катышуусундагы “Достук кербени” массалык маданий иш чарасы бүгүн Ош областынын Өзгөн районуна караштуу Ленин Жолу жана Араван районуна караштуу Алля Анаров айылдарында болуп өттү.

“Достук кербени”  массалык маданий иш чарасына жергиликтүү калк, “Жашстан” долбоорунун жаш лидерлери жана Жогорку Кеңештин депутаттары, көрүнүктүү исандар жана маданият кызматкерлери катышты.

Иш чара спорттук, интеллектуалдык оюн-зооктор, ыр-бий менен коштолуп, келген конокторго ар кандай темадагы мастер класстар уюштурулду.

Иш чаранын уюштуруучусу “Жаш ниет” коомдук фондунун жетекчиси Нургуль Караеванын айтымыда: ““Достук кербени”  иш чарасынын максаты жаштарды демилгелөө,  ынтымака жана тынчтыка үндөө”.

Ленин Жолу айылынын 54 жаштагы тургуну Зейне Айжигитова: “ Биздин элде илгертен  Улуу Жибек Жолу кербени, Элдик курултай катары мындай иш чаралар болуп келген.  Бүгүнкү “Достук кербени” өнүгүүнүн жана тынчтыктын жарчысы катары бүтүндөй элди бириктирүүчү иш чара болду”.

Жаштарга үлгү болчу инсандардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Адиа Касымалиева Жашстан долбоорунда катышып жаткан менторлордун бири катары бул долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

“Жашстанчылар – жигердуу активдуу жаштар. Алар оз жамаатын колунан келишинче өнүктүрүүгө аракет жасап жатышат. Жашстан – бул Кыргызстандагы жаш  лидерлердин агымы. Ар бир жаш билимдүү болсо- бул алардын өлкөнүн  келечегинин пайдубалын тургузууга кошкон салымы”.

“Достук кербени” 20 мартта Ноокат шаарында  старт алган, бүгүн Өзгөн жана Араван райондорунда болуп өтүү,  26 мартка чейин Кара-Суу районунун бир нече айыл аймактарында улантылмакчы.

“Жашстан” долбооруна  27 айылдардан 162 жаш улан-кыздар катышып жатышат. Устат-шакирт усулу менен Бахадыр Кочкаров, Искендер Суванкулов, Нуршат Абабакиров, Улан Үсөйүн, Икбол Исаков жана башка өлкөдөгү көрүнүктүү саясатчы, спортчу, сүрөтчү жана жеке ишкерлер өз ийгиликтеринин сырлары менен бөлүшүп, жөн гана бөлүшпөстөн жаштарга үйрөтүп жатышат. Жаштар долбоорго катышып бир жыл аралыгында өздөрүнүн идеяларын ишке ашырууга үлгүрүшкөн.

 

Өзгөн районуну Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Максатбек Ибраимов “Жашстан” долбоору жаштарга өз ордун табууга чоң көмөк көрсөттү дейт.

“Бул долбоордун арты менен  жаштар  айылдардагы көйгөйлөрдү чечүүгө активдүү катышууну үйрөнүштү, андыктан долбоор бүтсө да биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өз айылдарыбызда жаштар менен иштөөнү ушул Жашстан долбоорундагыдай улантабыз”.

Ал эми Араван районунун Алля Анаров айылынын орто мектебинин директору Замира Сатывалдиева спорттук мелдештер жаштар үчүн өтө маанилүү дейт. Айтымында Достук Кербени айылдагы баардык этностордун башын кошкон жагымдуу майрам болгон.

Жашстан долбоорунун максаты тынчтыктын идеяларын жайылтуу.

Жашстан долбоору 2017 жылы башталып 2018 жылдын сентябрь айында аяктамакчы.

“Тынчтык кербени” “Жаш ниет” коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, “Жалпы кызыкчылыктарды издөө”  (Search  for Common Graund )эл аралык уюмунун колдоосу менен ишке ашты.

2018-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькулация 2890 АКШ долларын түздү

2018-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькулация 2890 АКШ долларын түздү. Бул тууралу муфтияттын басма-сөз кызматы билдирди.

Ал эми 2018-жылы ажылык сапарына барууну максат кылып, аймактык кезекке туруу үчүн 500 АКШ долларын жана 1000 сом төлөп, документтерин талапка ылайык толук тапшырып, электрондук тизмеге катталгып, ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлер калькулацияда көрсөтүлгөн 2890 АКШ долларынан калган 2390 АКШ долларын 2018-жылдын 19-мартынан 13-апрелькечкисаат17:00гө чейин РСК банкына төлөөлөрү зарыл.

Эскертүү: Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай району, Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондору жана Ош шаарынан ажылык сапарына катталган талапкерлер өздөрүнүн аймагындагы ажылыкка каттоочу операторлордон тизмелерин тактатып алгандан кийин гана төлөмдөрдү РСК банкына төлөөлөрү зарыл. Себеби, жогоруда көрсөтүлгөн аймактар өз квоталарынан ашып кеткендиктен улам кезекке туруп калгандар бар. Ошондуктан бул аймактан катталган талапкерлер алгач  өздөрүнүн тизмелерин тактап алуулары маанилүү.

Омбудсмен К.Оторбаев РФнын адам укуктары боюнча атайын өкүлүнө Рязандагы 13 мигранттардын заманбап кулчулукка түшкөнү фактысы боюнча кайрылды

Кыргызстандын омбудсмени Кубат Оторбаев Россия Федерациясынын  адам укуктары боюнча атайын өкүлү Т.Москальковага Рязань шаарында жайгашкан «Февраль» ОсООсунун (жоопкерчилиги чектелген коомунун) жетекчилери тарабынан эмгек мигранттарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарынын одоно бузулууларына байланышкан фактыларды көзөмөлгө алуусун өтүнүп кайрылуу жөнөттү. Бул тууралу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги Россия Федерациясынын Рязань областында иш берүүчүлөр паспортторун тартып алып, айлык акыларын мыйзамсыз кармап, төлөбөй жаткан биздин жарандар бар экендиги  тууралуу маалымат тараткан.

Россия Федерациясынын укук коргоо органдарынын аталган фактыны текшерүүсүнүн жыйынтыгы менен«Февраль» ОсООсунун бир нече кабинеттери печатталып, финансылык документтери, оргтехника, цехтин көзөмөл жүргүзүүчү камерасынын катуу дисктери (ашкана жана өӊдүрүштүк цехтин) алынган. Биздин 13 жарандан түшүнүккаттар алынып, ошондой эле алардын арыздары РФнын Ички иштер министрлигинин Москва областынын Рязань шаарындагы бөлүмүнүн кылмыштарды каттоо  китебине  кабыл алынган. Биздин жарандардын катталган арызына байланыштуу оперативдик-тергөө тобу түзүлүп жана «Февраль» ОсООсунун кызматкерлерине карата фактылар боюнча кылмыш ишин козгоо жаатында оперативдик-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Омбудсмен Кубат Оторбаев. «Күнөөлүүлөр Россия Федерациясынынжана эл аралык нормалардын чегинде жазаларыналышы керек, анткени аталган факты Россия Федерациясынын Кылмыш Кодексименен карала турган заманбап кулчулукту көрсөтүп турат» деп белгилеген өз катында.

 

Президент С.Жээнбеков Россиянын президенти В.Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 19-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков
Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу
сүйлөштү. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Россия Федерациясынын президенти
кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, жогорку мамлекеттик кызматта
ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары аңгемелешүүнүн жүрүшүндө ЕАЭБ алкагында кызматташуу жана
ошондой эле Россия Федерациясында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык
кеңештин жыйынын талкуулашты.

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча окуу семинарлары өткөрүлдү

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмөрүндө эмгектенген кызматкерлерине  мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча окуу семинарлары өткөрүлдү.

Семинарлар мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча  милдеттер жүктөлгөн адистер үчүн кесипкөйлүктү жогорулатуу боюнча “Мамлекеттик тилдеги ченемдик укуктук актылардын тексттерин кодификациялоо”, “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү”, “Кызматчылардын “Кыргызтесттин” негизги тестирлөөсүнөн өтүүгө даярдык көрүшүнө усулдук жардамдарды көрсөтүү”  максатында уюштурулду.

Аталган  окуу семинарлар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ №119 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №114, 2016-жылдын 15-ноябрындагы  №581 жана 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомдорун аткаруу жана адистердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлүп жатат.

Бакай-Ата районунун мыйзамсыз анчылык кылган жаран кармалды (фото)

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шыралжын участкасынан  мыйзамсыз анчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралу 19 мартта Мамэкотехинспекциянын басма-сөз катчысы А. Мамбеталиева билдирди.

Тагыраак айтканда, Мамэкотехинспекциянын Талас облусу боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору,  рейд учурунда  Кара-Буура районуна караштуу Бакыян айылынын Рыскулбеков И.О. аттуу тургунун эч кандай уруксааты жок 12-калибрдеги ок атуучу курал жана атылган куштары менен кармашкан.

Аталган жаран эч кандай уруксаат кагаздары жок, өз билемдик менен аңчылык кылып жүргөн. Жеринде Мамэкотехинспекциясынын инспекторлору тийиштүү протоколдорду толтурушуп, мыйзам бузган жаранга административдик айып салышты.

Ошондой эле, чара көрүү максатында чогулган материалдар Талас облусунун Бакай-Ата районунун сотуна өткөрүлүп берилди.

 

Ноокатта “Тынчтык кербени” аталышындагы массалык-маданий иш чара өтүп жатат

Ноокатта «Жаш ниет» коомдук фонду тарабынан уюштурулуп жаткан “Тынчтык кербени” аталышындагы массалык-маданий иш чара өтүп жатат.

“Тынчтык кербени” массалык-маданий иш чарасынын максаты жаштар арасында тынчтыктын принциптерин жайылтуу.

“Тынчтык кербени” массалык-маданий иш чарасы төмөндөгү программаны камтыды:

  • Жаштарга өмүрү жана ишмердүүлүгү өрнөк болчу инсандар тынчтык, ийгилик тууралуу докладдары.
  • Дүйнө элдеринин тамак-аш фестивалы. Бул сынакта ар улуттун тамак аштары дайындалып, ашпозчулар таймашы өтөт. Сынак максаты ашкана аркылуу тынчтыкты, достукту даңазалоо, дүйнө элинин азыктануудагы табитинин өзгөчөлүктөрүн көрсөтүү.
  • Шахмат боюнча мелдеш. Шахмат бул биримдике үндөөчү интеллектуалдуу оюн. Өзгөчөлүгү- бул мелдешке ар улуттун өкүлдөрү чыгып таймашышат.
  • Кол өнөрчүлүк искусствосу. Чопо-айкелчилери, жыгач-айкелчилери автордук жумуштарын сынга коюшат. Ошондой эле келген конокторго, жаштарга жеринде мастер класстарды өткөзүп, чопо жана жыгачтан кооз буюм-тайымдарды  жасоону көрсөтүп беришет.

Ар бир өнөрчүлөр үчүн атайын чатырлар тигилип, кызыккан коноктор чатырларды  кыдырып  ар түрдүү өнөр ээлеринин автордук жумуштарын көрүшсө болот.

Кол өнөрчүлөрдүн жумуштарынан тышкары иш чаранын конокторуна көчө искусствосу да тартууланууда:

1.Көчөдө жаштар тарабынан тынчтык, биримдик, ынтымактын идеяларын чагылдырган граффити түрүндө сүрөттөр  тартылат.

  1. “Тынчтык дарагы” – кагаздан кыркылган колдун формасына каалоо-тилектер жазылат. Мурунтан дайындалган жыгач тактайчаларга ал каалоо-тилектер жазылган “кагаз-колдор” жармаштырылат.
  2. Көчө-бийлери
  3. Оригами-мастер класс (түс кагаздардан кооздуктарды жасоо боюнча масстер- класс)
  4. Футбол жана волейбол боюнча тынчтык матчтары
  5. Бий флэш-мобу
  6. Көргөзмө-жарманкеси
  7. Каалоочулар үчүн тогуз-коргоол, кол күрөш, топ таш, чүкө жана башка улуттук оюндары уюштурулат.
  8. Ал эми бөбөктөр үчүн ар кандай интеррактивдүү оюндар, көбүк-оюну, келбетиңе жылмаю тарт, карта менен фокус көрсөтүү тартууланат.

Иш чара эстрада жылдыздарынын катышуусундагы ири концерттик программа менен коштолмокчу.

“Тынчтык Кербени” массалык маданий иш чарасынын уюштуруучусу “Жаш ниет” коомдук фонду тарабынан уюштурулуп,  Search for Common Ground Kyrgyzstan эл аралык уюму тарабынан каржыланды.

Муфтий Баку шаарында өтүп жаткан  VI Эл аралык форумга катышууда

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өтүп жаткан  «Карама-каршылыктарды аныктоо менен инклюзивдүү коомду түзүү» аталышындагы  VI Эл аралык форумга катышууда.

Муфтияттын басма соз кызматы билдиргендей, форумга дүйнө лидерлери, мурдагы жана азыркы президенттер, өкмөт жана чет өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери, серепчилер жана илимпоздор катышууда.

Үч күндүк форум алкагында «Диний жана маданий көп түрдүүлүк», «Күч түшүнүгү: Ири күчтөр жана башкалар», «Жаңы күчтөр», «Аймактык коопсуздук, аймактык тынчтык: Жакынкы Чыгыш», «Балкан аймагы бүгүн жана эртең: аймактык коопсуздук жана жаңы геосаясий шахмат тактасы», «Интернеттин артыкчылыктары жана анын кыйынчылыктарды жаратуусу», «Муундар ортосундагы боштуктар» темалары  талкууланмакчы.

VI Эл аралык конференция Низами  диаспорасы жана эл аралык борбор  менен иштөө боюнча мамлекеттик комитетинин  колдоосу менен уюштурулууда.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынын кесепетинен унаанын айдоочусу каза болду

2018-жылдын 14-март күнү саат 20:30да Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 353-чакырымында (Кызыл-Бел ашуусу) мамл.№В90-17Р “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып оодарылып кеткен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыктын кесепетинен айдоочу каза болгон (аты-жөнү такталууда).

Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин №16 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, каза болгон айдоочунун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

- Реклама -

Мы в соц сетях

0FansLike
3,798FollowersFollow
1,145SubscribersSubscribe

Недавние Посты

Самое популярное

Талас районунда ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен шамал катталды (фото)

Талас районунда 2018-жылдын 23-май күнү саат 16:00-17-00гө чейин ылдамдыгы секундасына 10-12 метрге жеткен шамал катталып, шамалдын кесепетинен Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылында 1 үйдүн...

Президент С.Жээнбеков парламенттик көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери – КСДП фракциясынан Иса Өмүркулов, “Кыргызстан” фракциясынан Алмазбек Баатырбеков жана “Бир...

Токтогулда дайынсыз болгон 21 жаштагы Чоң-Арык айылынын тургуну изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда алдын ала алынган маалымат боюнча, 2018-жылдын 11-апрелинде Кетмен-Төбө айыл аймагындагы Чоң-Арык айылынын тургуну 1997-жылы туулган Табылды уулу А. үйүнөн чыгып...
video

Ош облусунда жайгашкан Кара-Суу районунун борбордук базары өрт коопсуздук талаптарына таптакыр жооп бербейт

Ош облусунда жайгашкан Кара-Суу районунун борбордук базары өрт коопсуздук талаптарына таптакыр  жооп бербейт. Тагыраак айтканда, Мамэкотехинспециянын Кара-Суу райондук башкармалыгы жана  Өкмнин  райондук өрткө каршы кызматы...

Кочкордо автоунаа жөө жүргүнчүнү сүздү, ал ошол жерден жан берди

Кочкор районунда 2018-жылдын 15-апрелинде саат 19:57 чамасында Кочкор-Кум-Дөбө ички чарбалык унаа жолунун 15-чакырымында (Ак-Жар айылы) "Ауди-100 С4" үлгүсүндөгү  мамлекеттик №В77-91V жеңил унаанын айдоочусу жолдо бараткан жөө...
WP2Social Auto Publish Powered By : XYZScripts.com