Унаа карказынан бөлөк эч нерсе калбай күйүп кетти

5 апреля 2017,19:10

Бүгүн 5-апрель күнү кечки саат 17лер чамасында Манас жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Гольф 3 В 31 20 АО үлгүсүндөгү көк түстөгү Намба такси күйүп кетти.

Кырсык болгон жерде JEBE NEWS тун корреспонденттери болду. Авария болгондон 15мүнөт өткөн соң өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана өрт өчүрүүчүлөр келип кырсыктаган унааны жолдун четине алып чыгышкан. Аварияга байланыштуу бир канча убакыт ошол көчөлөрдө тыгын жаралган. Каргашалуу окуядан кийин машинанын карандай карказынан башка эч нерсе калган эмес. Толугу менен күйүп кеткен. Азыр ал унаанын өздүгү такталып жатат.



Асель БАХМАТОВА.
Фото Ирины КРАПИВИНОЙ.

Комментарии

Актуальное

Как велогонщик пользуется знаниями физики
11 апр 13:00
Авария по дороге в Кант
13 апр 12:00

Загрузить еще новости